Төлөм рыногу үчүн технологиялар жана кызматтар
CSI ПРОЦЕССИНГ КОМПАНИЯСЫ
ИННОВАЦИЯ · ИШЕНИМДҮҮЛҮК · КҮНӨӨЛӨРГӨЧЫДАМДУУ · ТЕЗ БАШТАЛУУ · ЭКСПЕРТИКА · ИЙКЕМДҮҮ ИНТЕГРАЦИЯ · ИННОВАЦИЯ · ИШЕНИМДҮҮЛҮК · КҮНӨӨЛӨРГӨЧЫДАМДУУ · ТЕЗ БАШТАЛУУ · ЭКСПЕРТИКА · ИЙКЕМДҮҮ ИНТЕГРАЦИЯ · ИННОВАЦИЯ · ИШЕНИМДҮҮЛҮК · КҮНӨӨЛӨРГӨЧЫДАМДУУ · ТЕЗ БАШТАЛУУ · ЭКСПЕРТИКА · ИЙКЕМДҮҮ ИНТЕГРАЦИЯ · ИННОВАЦИЯ · ИШЕНИМДҮҮЛҮК · КҮНӨӨЛӨРГӨЧЫДАМДУУ · ТЕЗ БАШТАЛУУ · ЭКСПЕРТИКА · ИЙКЕМДҮҮ ИНТЕГРАЦИЯ ·
Компания жөнүндө
Процессинг борборунун мүмкүнчүлүктөрү заманбап стандарттарга жана рыноктун талаптарына ылайык келет.
CSI процессинг компаниясы — бардык түрдөгү банктык карталардын чыгарылышы жана эквайринги боюнча кызматтардын толук кандуу комплексин көрсөтүүчү көз карандысыз, эл аралык, жогорку технологиялык процессинг борбору.
Биз менен иштөөнүн артыкчылыктары:
  • Актуалдуу жана талап кылынган кызматтар
  • Банктын процессингге тез кошулуусу, даяр интеграциялар
  • Жаңы өнүмдөрдү жана кызматтарды рынокко тез алып чыгуу
  • Ар кандай төлөм куралдарын колдонуу (чип, контактсыз, виртуалдык, мультивалюталык карталар, мобилдик контактсыз төлөм кызматтары ж.б.)
  • Төлөм кызматтарындагы терең экспертиза
  • Маалыматтарды иштетүү ылдамдыгы жана туруктуулугу
  • Колдоо жана коопсуздук сапатынын жогорку деңгээли
Кызматтар
CSI процессинг компаниясы банктык карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү маалыматтык-технологиялык камсыздоо жаатында кызматтардын толук комплексин сунуштайт.
Банк менен өз ара аракеттенүү үчүн интерфейстер
Процессинг борборунун катарында – эң актуалдуу жана талап кылынган кызматтар.
CSI процессинг компаниясынын өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүнүн толук цикли жеткиликтүү, анын ичинде учурдагы иш-аракеттер боюнча кеңеш берүү, жаңы кызматтарды эксплуатациялоо, төлөм системалары жана тейлөө провайдерлери менен өз ара аракеттенүү.
Эквайринг
  • АБС менен онлайн жана офлайн режиминде өз ара аракеттенүү:
— онлайн протоколдор — карталарды, эсептерди, чектөөлөрдү оперативдүү башкаруу
— файл алмашуу – карталарды башкаруу, калдыктарды өзгөртүү, отчеттор ж. б. 
  • Банктын front-системалары менен онлайн режиминде өз ара аракеттенүү
  • Веб-интерфейстер - банк карталары/эсептери, банк карталары/банк түзмөктөрү менен авторизациялар боюнча акыркы маалыматтарга алыстан кирүү
Эмитенттик кызматтар
  • Карталарды, эсептерди, калдыктарды жана чектөөлөрдү онлайн режимде башкаруу
  • Банк кызматкерлери үчүн веб-интерфейстин жардамы менен карталар/эсептер, банк карталары/банк түзмөктөрү менен авторизациялар боюнча акыркы маалыматтарга алыстан кирүү
  • Чип жана контактсыз карталардын чыгарылышы
  • 3D Secure технологиясын колдоо
  • Интернет-банктагы виртуалдык карта
  • Картадан картага которуу
  • SMS аркылуу маалымдоо кызматы
  • Фрод-мониторинг
  • Мультивалюталык карта
  • Контактсыз мобилдик төлөм кызматтары
  • АТМ, ПВН, өзүн-өзү тейлөө түзмөктөрүн, mPOS и POS-терминалдарын каттоо жана кошуу
  • 3D Secure технологиясы колдоого алынган банктын сайтында/банктын аралыктан тейлөө кызматындагы Интернет-эквайринг жана картадан картага которуулар
  • Бардык түзмөктөрдө авторизация жана өзүн-өзү тейлөө түзмөктөрүнүн мониторинги боюнча актуалдуу маалыматка алыстан кирүү (WEB-ARM)
PIN-кодду башкаруу
  • Телефон аркылуу PIN-кодду алуу
  • SMS аркылуу PIN кодду коюу
  • PIN эсептегичти баштапкы абалга келтирүү
  • АТМ'деги PIN-management
Банктын стратегиялык максаттарына жетүү үчүн ресурстарды бошотуп, картаны иштетүүгө байланышкан тапшырмаларды бизге тапшырыңыз
Байланыштар
Email: sales@csi-processing.com
Кыргызстан, Бишкек ш.,
Токтогул к-сү 112/1, 7Б кеңсеси